Депутаттар: Мөңгүлөрдү барып, өз көзүбүз менен көрүп келишибиз керек

1030

Мөңгүлөрдү барып, өз көзүбүз менен көрүп келмейинче, тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл албай турганыбыз оң. Бул тууралуу бүгүн парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Мирлан Бакиров айтты. Анын пикиринде, алгач «Суу кодексине» өзгөртүү киргизилип жатканда, министрлер кабинети Кыргызстандагы бардык мөңгүлөрдө ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берүү керек, деген документ менен келишкен.

Бир топ талаш-тартыштан кийин Кумтөр кенине жакын жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө гана токтолушкан, дейт депутат. Вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиев болсо, мөңгүлөрдүн ансыз да үчтөн эки бөлүгү жок болгонун, калганын башка жакка көчүрүп койсо боло турганын билдирүүдө. Бирок депутаттар кендин өзүнө барып мөңгүлөрдү көрүп келмейинче, буга ишене албайбыз, дейт Бакиров.

Эске салсак, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн башка жерге көчүрүү боюнча документ коомчулукта катуу нааразылыктарды жаратууда. Кечээ эле жарандык активисттер «Ала-Тоонун мөңгүлөрүнөн колуңарды тарткыла» деген ураан алдында Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Бул боюнча тегерек үстөл да өткөнү жатат.