Депутаттар мушташып кетти (видео)

5404

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаев мушташып кете жаздады. Эл өкүлдөрүнүн ортосундагы чыр Бишкекти каптаган кара түтүн маселесин күн тартибине киргизүү демилгеси көтөрүлүп жатканда чыкты. Анда Байбакпаев комитеттин чечими жок экенин айтса, Икрамов ачууланып кескин жооп кайтарды.

Кайым айтышуу түртүшүүгө чейин кетти. Аларды депутаттар ажыратып калышты. Алтынчы чакырылышта пленардык залда эл өкүлдөрүнүн минтип бири бирине кол көтөрүүсү болгон эмес. Быйыл Жогорку Кеңеш дагы кандай иштери менен элдин эсинде калды?