Депутаттар мыйзам жазып тажадыбы? (видео)

865

Мыйзам долбоорлорун сунуштоого 2 жылга мораторий жарыялоо керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев айтып чыкты. Эл өкүлү чектөө коюлган убакыттын ичинде буга чейин кабыл алынган документтерди кайрадан мониторинг кылып чыгуу зарыл дейт.

Бирок ошол эле убакта тез арада кабыл алынышы керек болгон ратификация сыяктуу нормаларга чектөө жок экен. Мурдагы фемида өкүлү парламентарийлер мыйзам жазбашы керек деген пикирин айтып, ал бир топ кызуу талкууларды жаратууда. Зулушевдин айтымында, муну менен өкмөт тиешелүү органдар жана жарандык коом алектениши керек.