Депутаттар мыйзамсыз камакка алынган (видео)

2254

Алтынчы чакырылыштын мөөнөтү бүтүп баратканда депутаттар үч эл өкүлүн камактан чыгарууга белсенүүдө. Депутаттык комиссия жарым жылдан бери тергөө абагында отурган эки депутат Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековду эми гана эстешип, алар «мыйзамсыз камакка алынган» жана алар токтоосуз бошотулууга тийиш, деген тыянак чыгарды. Ошол эле убакта, корутундагы жакында кармалган дагы бир эл өкүлү Бакыт Жетигенов кирбей калганына көпчүлүк депутаттар түшүнбөй калышты.

Дагы бир түшүнүксүз жагдай, эмне үчүн камакта жарым жылдан бери отурган Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековдун маселесин эл өкүлдөрү эми көтөрүп жатышат? Буга чейин эмнеге ооз ачышкан эмес. Алтынчы чакырылыштын мөөнөтү бүтүп калганда, бул маселени көтөрүүнүн артында кандай сырлар бар? Башкы прокуратура сунушту эмнеге азыр берди деген суроолор жаралат. Бирок бул маселени бүгүнкү отурумда бир дагы депутат көтөргөн жок.