Депутаттар Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөттү

5040

Ош шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтүү маселесин карашты. Натыйжада мэр Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө чечимин жыйынга катышкан 31 депутат бир добуштан кабыл алды. Мэрдин милдетин аткаруу кызматын биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлдү.

Учурда шаар кеңешинин чечими боюнча токтом жазылууда. Токтом өкмөткө жиберилет. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров мэр Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбаганын «Азаттыкка» маалымдады.

Таалайбек Сарыбашов Ош шаарын 2018-жылдын июль айынан бери жетектеп келет. Ага чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштеген.