Депутаттар пенсия маселесин талкуулашты (видео)

909

Пенсиясынын топтоо бөлүгүн алууга жетишпей калган 2 561 адамдын каражаты алардын мураскерлерине берилди. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчилиги билдирди. Жыл башынан бери 108 миң адам пенсиянын топтоо бөлүгүн алган.

Парламентте мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканы менен, эл өкүлдөрү тарабынан көптөгөн суроолор берилди. Депутаттар өкмөт акыркы убакта мыйзамдарга инвентиризация жүргүзүү менен гана алектенип жатканын сынга алышты. Пенсиянын топтоо бөлүгү жөнүндө эмнелерди билүү керек?