Депутаттар ракка кабылган бейтаптардын өтүнүчүнө кулак салабы? (видео)

2605

Онкологиялык ооруга чалдыккан адамдар депутаттарга кайрылуу үчүн дал ушундай аталыштагы акция уюштурду. Иш-чара Жогорку Кеңештин имаратынын алдында эл өкүлдөрү ишке келип жаткан убакта башталды. Анда топтолгон бейтаптар депутаттарга арыз-муңун айтып, кайрылуу катын берип жатышты.

Айтымдарында, жыл сайын онкологиялык оорулар менен алышкан адамдар үчүн бюджеттен бөлүнгөн 160 миллион сом жетишсиз болууда. Мындан улам бир топтору убагында медициналык жардам ала албай калышууда. Бирок ракка кабылган жарандардын мындай кайрылуусун бардык эле депутаттар уга койгон жок.