Депутаттар ТЭЦке барышты (видео)

676

Шалаакылык боюнча козголгон кылмыш иши бул башталышы гана. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдун айтымында, авария атайын уюштурулганбы деген версиялар текшерилип жатат. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин тармактык комитетинин жылуулук борборунда өткөн көчмө жыйынында билдирди. Депутаттар мекеменин абалы менен жеринде таанышып, ТЭЦтин айланасындагы маселени эртең парламенттин жалпы отурумунда көтөрүп чыгаарын айтышты. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, калаа тургундарын жылуулуксуз калтыргандар жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Өз кезегинде өкмөт мүчөлөрү авариянын келип чыгуу себептерин учурда атайын комиссия иликтеп жатканын, күнөөлүүлөр жазаланаарын билдиришти.