Депутаттар: терс окуяларды ачыктоого тыюу салуу керек! (видео)

6140

Айрым депутаттар болсо мындай терс окуяларды жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарууга тыюу салуу керек дешет. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, жаман жаңылыктар адамдардын аң сезимин бузуп жатат. Ал эми парламентарий Кубанычбек Жумалиев жагымсыз окуялардын жарыяланып жатышы туристтерди үркүтүүдө дейт.

Депутаттар бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун айткандын ордуна, аларды жашырууну сунуштаганы таң калтырбай койбойт. Коомдо болуп жаткан терс окуялар ачыкка чыкпаса эле, токтоп калбайт, дейт эксперттер. Тескерисинче, канчалык жашырылса, көйгөй ошончолук тереңдеп, кесепети оор болушу мүмкүн.