Депутаттар той өткөрүүнү токтотууга чакырышты (видео)

1827

Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус тараган өлкөлөрдөн келгендерди Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салууну талап кылышты. Парламент өкмөттүн дүйнөгө тараган коркунучтуу илдетке каршы туруу чаралары боюнча маалыматын укту.

Эл өкүлдөрүнүн көбүн Кытай жарандарынын үчүнчү өлкөлөр аркылуу Кыргызстанга кирип жатканы тынчсыздандырууда. Бул маселени ар бир экинчи парламентарий көтөрдү. Мындан тышкары, депутаттар коронавируска байланыштуу той-топурларга чектөө киргизүүнү сунушташты.