Депутаттар турак-жай, унаа сурай башташты (видео)

2313

Жетинчи чакырылыштын депутаттары 6 жыл мурда жоюлган артыкчылыктарын кайтарып алышы ыктымал. Учурда бул маселе эл өкүлдөрүнүн арасында кызуу талкууланып жатканы белгилүү болду. Айрым жаңы парламентарийлер чакырылыштын алгачкы отурумунда эле турак-жай, унаа, кошумча жардамчыларды талап кылып чыгышкан. Болбосо жигердүү иштей албай калышыбыз мүмкүн дешет алар.

Эмне болсо да бул маселе кийинки айда жалпы жыйында көтөрүлчүдөй болуп калды. Ага чейин парламенттин жаңы түзүмү кандай иштеши керектигин аныктай турган атайын комиссия жаңы Регламентти иштеп чыгат. Депутаттар мамлекеттин эсебинен кандай артыкчылыктарды алгылары келип жатышат?