Депутаттар тышкы карыз алууга чектөө киргизүүнү сунушташат (видео)

1105

Бир эле донордон алынган насыялардын көлөмү өлкөнүн жалпы тышкы карызынын 50 пайызынан ашпашы керек. Мындай демилге менен Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиев чыгууда. Ал бул боюнча атайын мыйзам долбоорун даярдаган. Анын пикиринде, тышкы карыздарды тейлөөдө өкмөт өлкөнүн эгемендүүлүгү тууралуу ойлошу керек. Эксперттер бул демилгенин ишке ашырылышын колдошууда. Аткаруу бийлиги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда тыштан карыз алууга басым жасабай, ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга үйрөнүшү керек, дешет адистер.