Депутаттар журналисттерди тизгиндейби? (видео)

1834

Жогорку Кеңештин ишин чагылдырууда журналисттин басып өткөн жолу жана жазган макаласына карап туруп, андан кийин гана аккредитациядан өткөрүү зарыл. Мындай сунушту эл өкүлү Надира Нарматова “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында көтөрүп чыгып, учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан чагы.

Ошондой эле, эл өкүлү жалпы жыйындарды жана комитеттик отурумдарды да түз эфирде көрсөтүлүшүнө тыюу салууну демилгеледи. Медиа эксперттер депутаттын сунуштарын сөз эркиндигине болгон кысым катары сыпатташууда. Сунуштун артында журналисттерди ооздуктоо аракети көрүлүп жатышы мүмкүн дегендер дагы жок эмес.