Депутаттар журналисттерге утулуп калышты (видео)

1964

Көк-Бөрү боюнча Улуттук курама команданын улакчылары бир гана ат жалында эмес, футбол талаасында дагы мыктылыгын далилдей алышты. Дем алыш күнү Бишкекте «Достук» мелдеши өтүп, саясатчылар, ырчылар, көк-бөрүчүлөр жана журналисттер топ тебишти.
Беттеш башталаар алдында күйөрмандар «Өнөр» командасы жеңүүчү болоорун божомолдоп жатышкан. Бирок оюн талаасындагы жыйынтык такыр башкача болуп чыкты. Улакчылар физикалык даярдыгы менен атаандаштарынын шаабайын суутса, саясатчылар салмактуу оюн көрсөтө алган жок. Журналисттер командасынын курамында биздин да кызматкерлер ойноду.