Депутаттарда маселе арбын… (видео)

568

Транспорт каражаттарын кайра каттоо кампаниясын дагы улантып, анда айдоочуларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатканда айтылды. Депутаттардын пикиринде, бул акция учурунда «кезексиз каттоо» сымал мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөр, ортомчулар пайда болуп, бул кезекте тургандардын арасында нааразычылыктарды жаратууда. Айрым учурларда жаңжал чыгып жатат, дешет эл өкүлдөрү. Ошондой эле, депутаттардын көпчүлүгү өкмөткө аймактарга көңүл буруу зарылдыгын айтышты. Өзгөчө жаратылыш кырсыктары болгон райондордо жабыркаган турак-жайларды, социалдык обьекттерди, сель бузуп кеткен жолдорду калыбына келтирүү иштерин тездетүү керектигин белгилешти.