Депутаттарды «Huawei» компаниясынын тагдыры кызыктырды (видео)

776

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө жаатында пландарды ишке ашырбагандар жазалансын. Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясы өкмөткө ушундай талап койду. Ошондой эле отурумда, депутаттар жол сакчылардын айлыгын жогорулатуу маселесин көтөрүштү. Учурда инспекторлордун маянасы орточо алганда 11 миң сомду түзөт. Мындай аз айлык аларды ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө түртүп жатат, дешет эл өкүлдөрү. Мындан тышкары, депутаттарды Кыргызстанда «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырганы жаткан кытайлык «Huawei» компаниясынын тагдыры кызыктырды.