Депутаттарды коркуткан фейк аккаунттар (видео)

567

Фейк же жөнөкөй тил менен айтканда — жалган маалымат таратуу бизнеске айланып баратат. Акыркы убакта социалдык тармактарда кимдир бирөөнүн атына жамынып, кызыл чеке болуп кайсы бир тарапты жамандап же колдогондор көбөйүүдө. Аларды аныктоо — дээрлик мүмкүн эмес.

Фейк-аккаунттардын артында тургандар бул кызматы үчүн жакшы акча алышат. Аларды көбүнесе колунда акчасы бар бир ууч топтор колдонуп келет. Парламенттик шайлоону утурлай, депутаттар мындай фейк аккаунттардан чочулай башташты. Эл өкүлдөрү жалган маалымат тараткандардын жоопкерчилигин кароону сунушташууда. Бирок кантип деген суроого азырынча жооп табыла элек.