Депутаттарды кылмыштуу топтор түйшөлтүүдө (видео)

980

Жогорку Кеңештин депутаттары Ички иштер министрлигин ишкерлерди уюшкан кылмыштуу топтордон коргоого чакырды. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, учурда криминалдык чөйрө мамлекеттин күчүн сынап жатат. Андыктан уюшкан кылмыштуу топторго каршы кайрадан айыгышкан күрөш жарыялап, мизин кайтаруу керек, дешет депутаттар. Криминалдын баш көтөрүп жатканы инвесторлорду дагы чочутууда. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Кыргызстанда учурда уюшкан кылмыштуу топтордун саны көбөйгөн. Буга чейин алар төртөө деп эсептелип келсе, эми алтыга жеткени айтылууда.