Депутаттарды партиялар эмес, эл тандаш керек (видео)

1274

Мандаттарды аймактарга туура бөлүштүрүү жана партиялык коррупцияны жоюу зарыл. Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Ага ылайык, өлкө аймагында 115 шайлоо округу түзүлүшү керек. Шайлоого аттанган партиялар алардын ар биринде өз талапкерин сунушташат. Бул  партиянын атын жамынып, эл арасында кадыры жок талапкерлердин депутаттык мандат алуусуна бөгөт коет, дешет документтин авторлору. Деген менен айрым саясатчылар мындай болгон күндө өлкөнү аймактарга, элди уруу-урууга бөлүү өнөкөтү күчөйт, деп каршы чыгышууда.