Депутаттарды түйшөлткөн маселелер эмне? (видео)

693

Бишкектин абасы нормадан көп эсе булганып кетүүсү Жогорку Кеңеште дагы талкууланды. Депутаттар тиешелүү жактардан ыкчам чараларды көрүүнү талап кылышууда. Экологдор буга чейин борбор калаанын абасынын булганып кеткенин жар салып, интернетке бир топ видеолорду жайгаштырышкан. Анда Бишкектин үстүн кара түтүн каптап калганын көрүүгө болот.

Ошондой эле, депутаттар Кумтөр боюнча жаңы келишимде жумуш орундарын түзө турган жана аймактарды өнүктүрүүчү фонд түзүүнү талап кылуу керектигин айтып чыгышты. Бул боюнча өкмөт менен канадалык компания сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.