Депутаттардын иштөө мөөнөтү дагы узартылабы? (видео)

1741

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өткөрүлөт. Буга байланыштуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Токмок, Каракол шаардык кеңештерине, ошондой эле, 450дөн ашык жергиликтүү кеңештерге депуттаттар шайланат. 11-апрелде референдум дагы өтүшү мүмкүн болууда. Бул боюнча чечим парламентте кабыл алынат.

Ал арада борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңешке шайлоону 1-июнга чейин өткөрүүгө жетишүү мүмкүн эмес экенин айтышууда. Мындан улам, парламенттик шайлоо күз айларына калышы ыктымал. Алтынчы чакырылыштын иш мөөнөтү дагы канча айга узарышы мүмкүн?