Депутаттардын кызматтык үйүн жардамчылары колдонот

740

Депутаттардын кызматтык үйүн жардамчылары колдонуп жатат. Эл өкүлү Евгения Строкова ага берилген батирде азыр консультанты жашап жатканын ырастады. Алгач бул тууралуу маалымат социалдык тармакка тарады.

Парламентарийдин айтымында, ал «Тунгуч» кичи районунда жашаган апасынын үйүнө көчүп кетип, кызматтык квартирасы бош калган. Жардамчысы Хадича Арапчикеева жумушка алыс жактан барып келип кыйналып кеткендиктен, Евгения Строкова батирин колдонууга бериптир.

Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок дейт эл өкүлү. Ошондой эле, депутаттардын көбү кызматтык батирин жардамчыларына бергени айтылууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.