Депутаттардын мандатын кантип алып койсо болот? (видео)

2135

Депутаттык мандат кандай берилсе, дал ошондой жол менен, тагыраагы шайлоо аркылуу гана чакыртылып алынуусу тийиш. Айрым эл өкүлдөрү дал ушундай демилге менен чыгышууда. Учурда Жогорку Кеңеште парламенттин ишмердүүлүгүн жөнгө сала турган жаңы Регламенттин долбоору каралууда.

Көп талаш-тартыш жараткан беренелердин бири депутаттын мандатын артка чакыртып алуу процедурасы. Бул маселени бир нукка салуу бир топ маселени жаратып жатканын депутаттар моюндашууда. Себеби бул жолу парламент аралаш система менен куралгандыктан, ар бир парламентарийдин алган добушу да ар кандай.