Депутаттардын мөөнөтү дагы узарганы турат (видео)

4227

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары мажоритардык-преференциалдуу система менен шайланышы ыктымал. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, учурда парламентарийлердин көпчүлүгү дал ушул жолго ыктап жатышыптыр. Себеби анда партияга эле эмес, анын ичинен талапкердин өзүнө добуш берүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Муну менен саясий партиялар ичиндеги мандаттарды соодалоо сымал коррупциялык көрүнүштөр өзүнөн-өзү жоюлат деп ишенип жатышыптыр. Ал арада учурдагы депутаттардын мөөнөтү июнь айында бүтөбү деген маселе да коомчулукта кызуу талкууланып жаткан чагы. Буга эл өкүлдөрү өздөрү эмне дейт?