Депутаттардын “таландысында калган” Токон Мамытов (видео)

728

Мурдагы вице-премьер-министр, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Токон Мамытов өлкөнүн акыйкатчысы болуп шайланды. Анын талапкерлигине Жогорку Кеңештин отурумуна катышкан депутаттардын 79у макулдугун билдирди.

Белгилей кетсек, омбудсмен кызматына алгач 5 талапкер салышса, алардын бири шайлоого катышуудан баш тарткан. Акыйкатчы кызматы 26-июндан бери бош турган. Мурдагы омбудсмен Кубат Оторбаев өз ыктыяры менен арыз жазып, кызматынан кеткен болчу. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын бешинчи Акыйкатчысын кантип шайлашты?