Депутаттардын үйлөрүнө жетимдер кирип жашайбы? (видео)

694

Кыргызстанда ушул кезге чейин жетим балдар үчүн социалдык турак жай курула элек. Ал эми жылына балдар үйлөрүн жана мектеп-интернаттарын 15тен 18 жашка чейинки 450дөй улан-кыз бүтүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү турак-жайга, жумушка орношууга жана кесиптик билим алууга муктаж. Бул маселенин жок дегенде бирин чечүү үчүн Жогорку Кеңештин кызматтык батирлерин, ата энеси жок балдарга убактылуу берип туруу сунушу киргизилди. Бирок мунун ишке ашышы күмөн.