Депутаттарга айфон, энергетиктерге курал алынып жатат (видео)

1555

150 миң сомдук “IPhone”, энергетиктер үчүн курал-жарак жана эмгек акысы кымбат бааланган блогерлер. Акыркы күндөрү мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган тендерлер коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда. Мисалы, «Электр станциялары» ачык акционердик коому 1 миллион сомдон ашык акчага курал-жарак, ок-дарыга тендер жарыялап, ал көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Ал эми ага чейин балдардын шал оорусуна каршы вакцина алууга үндөгөн медиа өнөктүк үчүн жарыялаган тендер ийгиликсиз болуп калганы маалым болду. Мамлекеттик сатып алууларга коомчулуктун кескин сын айткан реакция жасоосуна эмне себеп болууда?