Депутаттык комиссия экс-президентти 9 кылмыш боюнча айыптоодо (видео)

879

Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо боюнча кылмыш ишинде экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы «Коррупция» беренесине ылайык айыпталып жатат. Бул тууралуу УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары депутаттык комиссиянын отурумунда билдирди.

Ал эми Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин айтымында, Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча дагы Шамил Атаханов Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген. Ошондо азыр экс-президентке карата эки иш бар экен. Депутаттардын пикиринде, Алмазбек Атамбаев мындан тышкары дагы 7 кылмыш жасаган. Алардын арасында, Кой-Ташта азыр жашап жаткан үйүнүн жер тилкесин мыйзамсыз сатып алган деген айыптоо да бар.