Депутаттыкка талапкер кылмышка шектелүүдө (видео)

2187

3 күндөн бери көпчүлүк күтүп жаткан акыркы протокол БШКнын порталына киргизилди. Бир протоколдун айынан жыйынтык 100 пайызга толукталбай келген. Тиешелүү кагазды кармаган тилке чет өлкөдө жайгашканы айтылып, бирок Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандан сырткаркы участоктордун баарынан протокол өз убагында жеткирилгенин билдирүүдө. Кайсы тилкедеги протокол жыйынтык чыгарууну үч күнгө кармаганы белгисиз.

Эми БШКда автоматтык эсептөөчү урналардын жана добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтарынын тууралыгын текшерген атайын топ өзүнүн тыянагын чыгарат. Андан соң, шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат. Ал арада, бир мандаттуу округдан ат салышып, алдыга озуп чыккан бир талапкер камакка алынды. Андан башка эки округ боюнча дагы ача пикирлер жаралууда.