Депутаттын “кол тийбес” айдоочусу жазаланабы? (видео)

801

Жогорку Кеңештин депутатынын автоунаасы катышкан дагы бир чыр чатак чыкты. Анда айнеги караңгылатылган Лексус-570тин айдоочусу жол инспекторлоруна баш ийбей, аны тасмага түшүрүп жаткан журналистти коркутканы тартылган видео интернетте тарады.

Кийинчирээк бул жол тандабас Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго таандык экени белгилүү болду. Ал эми унааны башкарып жүргөн адам анын айдоочусу болуп чыкты. Депутат анын жүрүм-туруму туура эмес болгонун айтып, бирок тартип сакчыларында дагы күнөө бар деп эсептейт.