Дезинфекциялоо иштерине байланыштуу кайсы көчөлөр жабылат? (видео)

3394

Кыргызстандын айрым аймактарында коменданттык саат киргизилген экинчи түндө эреже бузган 146 адам милиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. 12 унаа айып аянтчасына токтотулду. Бишкек боюнча тартип бузгандардын саны 146га жеткен. Кармалгандардын 13 — аял, 133 — эркек. Алардын ичинде 1 чет элдик жаран да бар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал эми Ош областында коменданттык саат убагында 44 адам кармалды. Өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда күндүз көчөгө чыккан адамдардын да санын азайтуу максатында чектөөлөр киргизилип жатат.