Диний агымдан баш тарткандар (видео)

3199

Жыл башынан бери экстремизм үчүн соттолгондордун 17 радикалдык көз караштарынан баш тартып, тыюу салынган диний агымдардан чыгып кетишкен. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү билдиришти. Адистердин айтымында, акыркы жылдары өлкөдө экстремисттик агымдарга кошулгандардын катары көбөйгөн. Алардын көз карашын өзгөртүү да, оңой эмес дешет алар.

Бирок ошенсе да, көп убакытты алган түшүндүрүү иштеринин жана туура сабак берүүнүн арты менен салттуу динге багыт алгандар болууда. Алардын арасында Ош областынын 44-жаштагы тургуну бар. Ал былтыр экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн соттолгон.