Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратат (видео)

5852

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал кайрадан курчуп бара жатат. 20-октябрда жаңы типтеги вирустун 384 учуру катталса, 2 киши коронавирустан каза тапкан. Барынан коркунучтуусу COVID-19га чалдыккан балдардын саны көбөйүүдө. Сентябрда алардын саны 34 болсо, бул айда 110го жеткен. Ал арада бул коркунучтуу вирусту экинчи ирет жуктуруп алгандар да катталып жатыптыр.

Илдеттин экинчи толкунуна даярдыктар жүрүүдө делгени менен алар бир катар кемчиликтер менен коштолуп жатканы белгилүү болду. Буга өз ден-соолугун тобокелге салып, көмөк көрсөтүп жүргөн ыктыярчылар нааразы болушууда. Эпидабалды көзөмөлдөн чыгарып албоо боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?