Диплому жасалма кайсы депутат мандатын тапшырды? (видео)

6311

Жасалма дипломдорду колдонуу боюнча 20 кылмыш иши тергелүүдө. УКМК тараткан маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун текшерүүдө 184 үнүн жогорку билими тууралуу документтери шек жаратып жатыптыр.

Ал арада, бир тобу өз каалоосу менен жумуштарынан кетип жатса, алардын арасында депутаттык мандатын да тапшырып берген жергиликтүү кеңештин 2 депутаты бар экен. Жогорку Кеңештин айрым эл өкүлдөрү болсо диплому жасалма чыккандарды ачык жарыялоо зарыл экенин айтышууда.