ДКО: Эрежесиз эр уруштун чемпиондору аныкталды (видео)

896

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эрежесиз эр уруштун чемпиондору аныкталды. Мелдешти Кулатуу эр таймаш боюнча улуттук федерациясы өткөрдү. Бүйүр кызыткан таймашка кызыгып, сүрөп чыккандар көп болду. Спортчунун активдүүлүгү менен сокку уруу техникасы бааланган күч сынашууга 7 жуп чыкты.

Алардын ар бири жок дегенде 1 же 2 ирет мушташып, утуп же жеңилүү ызасын тартып тажрыйба алгандар. Андыктан таймаш абдан кызыктуу болуп, мушкерлердин бири нокаутка жыгылды. Акыры эрежесиз эр уруштун мыктылары аныкталып, кубоктун ээси болуп Исляр Алиев аныкталды.