ДНК анализдери Кыргызстанда жасала баштайт (видео)

1249

Кыргыз медицинасында жаңылык. Өлкөдө 15-апрелден тарта ДНК анализдери жасала баштайт. Бирок азырынча мындай анализдер органдарды алмаштырууда клеткалардын дал келүүсүн аныктоого гана багытталган. Анын баасы 7 миң сомдун тегерегинде болоору айтылууда. Ушул кезге чейин Кыргызстанда ДНК анализдери жасалбайт. Мындан улам, органдарын алмаштырууга муктаж бейтаптар аталык менен энеликти тастыктоону каалагандар жана адамдын сөөгү таанылгыс болуп калган учурда ким экенин аныктоо үчүн чет өлкөдөгү лабораторияларга кайрылууга туура келет.