Добуш берүү тилкелери шайлоо күнүнө толук даяр эмеспи? (видео)

811

Прокуратура добуш берүү участкаларынын шайлоого даярдыгын текшерип чыгып, 40тан ашык эскертме берди. Чүй областында үч айыл окуругундагы, Ош областындагы үч айылдагы, Талас шаарында, Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя калаасындагы добуш берүү участокторунда мүчүлүштүктөр табылган. Мыйзамга ылайык, шайлоо тилкелери электр жарыгын берүү тутуму, жазуу буюмдары, мониторлор, атайын жасалган кабиналар жана добуш берүү үкөктөрү менен камсыздалышы керек. Ошондой эле, электр энергиясы үзгүлтүккө учураса, аны алмаштыруучу кол чырактар жана шамдар болушу шарт. Мындан тышкары, жергиликтүү шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасап, анда бардык талапкерлер тууралуу маалыматтар жарыяланат. Бирок анда үгүт материалдары болбошу керек. Ошондой эле, стендде толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, анда талапкерлердин фамилиялары камтылбашы шарт. Бул эрежелер сакталып жатабы?