Добуш сатып алуу аракети азыртан эле башталдыбы? (видео)

3075

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон кээ бир адамдар азыртадан эле добуш сатып алууга аракет жасай баштадыбы? БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 3 күн ичинде эле мындай маңыздагы 3 арыз келип түшкөн. Учурда бул материалдар Ички иштер министрлиги тарабынан текшерилүүдө.

Эгер кандидаттар шайлоо мыйзамын бузганы тастыкталса анда алар саясий жарыштан четтетилет. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы жумушчу топ талапкерлердин документтерин текшерүүдө. Процесс 28-октябрга чейин аякташы шарт.