Добуш сатып алуу аракеттери көбөйүүдө (видео)

2435

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын добуш сатып алуу аракеттери күчөдү. Бул боюнча биринчи кылмыш иши козголуп, шектүүнүн аты жөнү-такталды. Ал Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын башчысы экени аныкталды.

Учурда шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына онго жакын арыз түшкөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен айрым партиялар жарыштан четтетилиши мүмкүн экендиги айтылууда.