«Doing Business-2020»: Кыргызстан алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына кирди

659

Кыргызстан Дүйнөлүк банк тарабынан жарыяланган «Doing Business-2020» рейтингинде алдыңкы жыйырма реформатор-өлкөнүн катарына кирди. Баяндаманын авторлору өлкө электр түйүндөргө кошулуу, салык салуу жана насыя алуу индикаторлору боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртканын белгилешкен.

Дүйнөлүк банк алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына, ондон ашык тармак боюнча бизнес жүргүзүүнү жеңилдете турган реформаларды жасаган мамлекеттерди киргизген. Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, өлкө 2023-жылга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кириши керек.

2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан бул рейтингде 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчүн жети тепкичке жакшыртып, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.