Документтерди жасалмалаган милиция кызматкери колго түшүрүлдү

793

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Кармалган тартип сакчысы Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды каттоо департаментинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, автомашиналарга газбаллондук жабдык коюлган деп мыйзамсыз түрдө мөөр басып берип турган. Бул «көрсөткөн кызматы» үчүн ал 2 миң сомдон алган.

Бул боюнча Башкы прокуратура «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «документтерди жасалмалоо» жана «кызматтык жасалмачылык» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. Шектүүнү жана анын ортомчусун колго түшүрүү учурунда алардын жанынан алдын-ала «белги коюлган» акчалар табылган.