Доллар 100 сомго чыкты (видео)

2886

Рублдин сомго карата наркы өйдө-ылдый болуп, доллар кескин кымбаттап, 100 сомго чейин жетти. Россия-Украина тирешүүсүнүн күч алганы биринчи кезекте эле валюта базарына кесепетин тийгизди. Кыргызстандын Улуттук банкынын жетекчилиги валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу үчүн банк коомчулугунун өкүлдөрү менен чукул жолугушуу өткөрдү.

Анда геосаясий жагдайга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жол бербөө жана аларды азайтуу маселелери талкууланган. Ошондой эле, сомдун наркын кармап туруу үчүн 13 миллион доллар сатыкка чыгарылды.