Доллар 115 сомго чыгабы? (видео)

2941

Кыргызстанда доллар дагы 3 сом 50 тыйынга кымбаттап, 100 сомдон ашып кетти. Түштөн кийин бир катар ири банктар менен акча алмаштыруу жайлары аны 100 сомдун тегерегинде сатып алып, кайра 101 сомдон 103 сомго чейин сата башташты.

Экономисттер мындай олку-солку кырдаал дагы бир топко уланат деп божомолдошууда. Ал арада Дүйнөлүк банктын миграция боюнча иш алып барган аналитикалык бюросу быйыл Россиядан Кыргызстанга акча которуулар 33 пайызга кыскарышы мүмкүн экенин эскертти. Себеби мигранттардын өзүнө каражат жетпей калуу коркунучу бар.