Доллар дагы канча сомго кымбаттайт? (видео)

1066

Америка долларынын кымбаттоосу — убактылуу көрүнүш. Бул тууралуу айрым экономисттер айтышууда. Ноябрь айынын башында АКШ валютасы 68 сомдон сатылып жатса, 3 жума аралыгында эле анын баасы дээрлик 2 сомго көтөрүлдү. Улуттук банк болсо, доллардын наркын жөнгө салуу аракетин көрүп, ноябрда 7 жолу интервенция жасады. Муну менен башкы регулятор жалпысынан 33 миллион долларды сатыкка чыгарды. Бирок мындай аракеттерге карабастан, чет элдик валютанын баасы арзандай элек. Айрым талдоочулардын пикиринде, валюта рыногундагы мындай туруксуз жагдай жаңы жылга чейин сакталышы ыктымал.