Доллар калыбына келеби? (видео)

1926

Доллар кандай наркты кармап калары 3-4 күн аралыгында даана белгилүү болот. Бул тууралуу акча алмаштыруу жайлары ассоциациясынын өкүлдөрү билдиришти. Кечээ бир күн аралыгында эле 10-15 сомго кымбаттап кеткен чет элдик валюта бир аз турукташып, 88 сомдон сатылууда. Бирок буга чейинки 85 сом калыбына келеби — айтыш кыйын, — дешет адистер.

Ал арада доллардын кымбаттаганы ишкерлерди, өзгөчө кичи бизнести бир топ түйшүккө салып койду. Алардын көбү ар кандай финансы мекемелеринен насыяны АКШ валютасы менен алышкандыктан, эми кандай өзгөрүүлөр болуп кетет деп кооптонуу менен күтүп жатышат.