Доллардын азабын тарткан бизнесмендер (видео)

1464

Министрлер кабинети доллар менен насыя алгандарга пролонгация, башкача айтканда төлөө мөөнөтүн жылдырып берүү аракеттерин көрө баштады. Учурда өлкөдө береселердин 28 пайызы кредитти АКШ валютасы менен алышкан. Ошондой эле, мамлекет өндүрүшчүлөргө кол сунуп, ишкерлердин соода жүгүртүүгө эмес, өндүрүшкө алган насыяларын толугу менен конвертациялап берүү аракетин көрүүдө.

Анын механизмин Экономика министрлиги менен Улуттук банк иштеп чыгууда. Учурда конвертацияны кайсы курс менен жасоо керектиги акылдашылып жатыптыр. Ал арада бул мүмкүнчүлүктөн эмнеге бардык бизнесмендер колдоно албайт деген суроо курч турат.