Доллардын курсу 85 сомго жакындады (видео)

2542

Валюта рыногунда абал жакшы эмес. Доллардын баасы күн санап өсүүдө. Кечээ кечке маал акча алмаштыруу жайларында чет элдик валютанын наркы 85 сомго чукулдады. Бир күн мурда эле 1 АКШ доллары кескин көтөрүлүп 83 сомго жеткен болчу. Улуттук банктын өкүлдөрү доллардын кымбаттоосунун себептерин, ага болгон суроо-талаптын жогорулашы менен байланыштырышууда.

Быйыл жыл башынан бери эле өлкөдө аталган чет элдик валюта 12-13 сомго көтөрүлдү. Бул өз кезегинде базарларда азык-түлүктүн, кийим-кеченин жана башка өндүрүмдүн кымбатташына жол ачууда. Сомдун арзандашы өзгөчө ата-мекендик өндүрүшчүлөргө кедергисин тийгизип жатат.