Доллардын туруктуу баасы качан белгилүү болот? (видео)

1734

Доллардын курсу 73 сомдон ары кымбаттабайт. Мындай убаданы Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов берүүдө. Айтымында, ички рынокко 53 миллион 700 миң доллар интервенция кылуу менен абалды сактап калуу мүмкүн болду. Ошондуктан сомдун наркы мындан ары төмөндөбөшү керек.

Эгерде андай көрүнүш катталса, ал кызыл кулактардын гана иши болот, дейт Абдыгулов. Экономисттер доллардын туруктуу баасы дагы 1-2 жума аралыгында гана белгилүү болуп, ал 71 сомдун тегерегине токтошу ыктымал экенин айтышууда.