Дональд Трамп: АКШ «мигранттардын лагери» болбойт

811

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар «мигранттардын лагери» болбой турганын айтып, демократтарды иммирациялык мыйзам иштеп чыгууда администрация менен кызматташууну каалабайт деп айыптады.

18-июнда Улуттук космикалык кеңештин Ак үйдөгү жыйынында сүйлөгөн Трамп анын миграциялык саясатына байланыштуу дарегине айтылган кескин сындар боюнча өз пикирин билдирди. Президенттин айтымында, АКШ качкындарды багуучу мамлекет болбойт. Трамп өлкөгө — сиңирген эмгектерге негизделген иммиграциялык система керек экенин дагы бир жолу белгиледи.

АКШда мыйзамсыз мигранттардан турган үй-бүлө мүчөлөрүн бири-биринен ажыратууга байланышкан талаш-тартыштар тынчыбай келет. Буга чейин өлкөдө мындай тажрыйба сейрек колдонулуп келсе, азыр федералдык агенттер башкалка алууну каалаган же өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган иммигранттарды бири-биринен көп эле ажыратып келишет. Акыркы алты апталык мезгил ичинде 2000ге жакын эрезеге жете элек бала ата-энесинен ажыратылганын өткөн жумада Трамптын администрациясы кабарлаган.

Өкмөт тарабынан таркатылган видеотасмага ылайык, ата-энесинен ажыратылган өспүрүмдөр жакшы шарттарда жашашат. Анткен менен Трамп жарыялаган саясаттын айланасындагы талаш-тартыштар токтобой келет. БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн балдарды кысымга алуу аркылуу миграцияны азайтуу аракетин «чектен чыгуу» деп атады.

 

Мурдагы биринчи айым Лора Буш The Washington Post гезитине үй-бүлө мүчөлөрүн ажыратуу саясаты «катаал жана бузукулук» экенин жазды.