Дональд Трамп Ким Чен Ын менен сүйлөшүүгө даяр

717

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр. Болжол менен эки өлкө лидеринин сүйлөшүүсү жакынкы эки айда өтүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Дональд Трамп бир нече күн мурда Ким Чен Ын менен сүйлөшүү өткөргөн Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен жолуккандан кийин белгилүү болду. Алар Дональд Трампка Түндүк Корея лидеринин сүйлөшүү боюнча чакыруусун беришкен. Жолугушуунун максаты Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу жана өзөктүк арсеналын жок кылуу болушу керек.

Президент Трамп Твиттер аркылуу алдыдагы жолугушуунун ийгиликтүү болоруна ишенерин билдирип, Түндүк Корея сүйлөшүүлөр маалында ракеталык сыноолорду токтотуудан баш тартып жатканын жана Пхеньянга каршы киргизилген санкциялар макулдашууга келишкенге чейин күчүндө каларын белгиледи.

АКШнын иштеп жаткан президенттери Түндүк Корея жетекчилери менен эч качан жолугушкан эмес. Дональд Трамп мурдагы президенттердин катасын кетирип, күтүлгөн натыйжа бербей келген узакка созулган сүйлөшүүлөргө барбай турганын айткан.

Азырынча жолугушуу өткөрүлө турган жер жана датасы белгисиз.